11:10
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Президенттин аппаратына былтыр 17 миң 827 жарандан кайрылуу келип түшкөн

Президенттин аппаратына былтыр (3-январдан 31-декабрына чейин) жалпы 17 миң 827 жарандардан кайрылуулар келип түшкөн. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кайрылуулардын ичинен

— Жазуу жүзүндө (электрондук) кайрылуулар — 14493 (2017-жылы — 8419);

— Коомдук кабылдамаларда кабыл алынган жарандар — 1458 (2017-жылы —555);

— «Ишеним телефондору» аркылуу кайрылган жарандар — 1196 (2017-жылы — 890);

— Коомдук кабылдамаларга келип маалыматтык-укуктук кеңештерди жана түшүндүрмөлөрдү алган жарандар — 503 (2017-жылы — 570);

— Биринчи радионун «Биринчи кабылдама» берүүсүнүн «түз эфирлери» аркылуу кайрылган жарандар — 177ни түздү (2017-жылы — 224).

Жазуу жүзүндө (электрондук) келген бардык 14493 кайрылуулардын 14177си Президенттин Аппаратына, ал эми калган 316 кайрылуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош шаарындагы Коомдук кабылдамасына келип түштү.

Президенттин Аппаратына келип түшкөн 14177 кайрылуулардын 7923ү (же 55,9%) көзөмөлгө алынды. Алардын 6734ү аткарылды (85,0%), 1189 жарандын кайрылуулары (15,0%) аткарылууда.

Ал эми 6254 кайрылуу (44,1%) маселелеринин тиешелүүлүгүнө жараша мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу, сот жана укук коргоо органдарынын кароосуна жиберилип, жыйынтыктары боюнча жарандарга жооптор жана түшүндүрмөлөр берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар