20:14
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Кыргыз кыздарын футболго кызыктырган Виталий Люкс

Азия чемпионаты Кыргызстандын курама командасынын оюнчусу Виталий Люкстун жылдызы жандырды. Ал Филлипин менен оюнда хет-треки менен эл оозуна алынып, эл аралык маалымдоо каражаттары «Азия оюндарынын секс символу» деп да аташты.

Кыргызстандын кыздары дагы Виталий Люкско алкоосун айтып, кызыгуусун артып, анын социалдык тармактагы баракчаларына катталуу менен бирге, эми «Ак шумкар» футбол тобунун оюндарына көз салып турарын жазышууда. Футболчунун баракчасы арналган сүйүүлөргө, суктанууларга толду. Айрымдар жеке өзүнө кат жазганын да мойнуна алышат. 

Акыркы эки жумада Виталий Люкстун инстаграм баракчасына жазылгандардын саны 18 миңге жетти.

Ал футболдогу сүрөттөрү менен бирге инстаграм баракчасында «Колдооңор жана мага ишенгениңер үчүн чоң ракмат!», «Кыргызстан! Рахмат» деп ыраазычылык билдирүүдө. Бирок, ага сезимин арнаган кыздарга жооп жаза элек. 

Виталий 29 жашта. Ал Кара-Балта шаарында төрөлүп, жети жашында ата-энеси менен Германияга көчүп кеткен. Ульем шаарында чоңойгон. Учурда «Ульем 1846» тобунун чабуулчусу.

2015-жылдан бери Кыргызстандын курама командасында ойнойт. Алгачкы жолу Бангладеш менен оюнга чыккан.

Боюнун узундугу 182 сантиметр.  Ага «Жакшы, жөнөкөй, тамашакөй кыздар жагат» деп айткан. 

Тамакты ылгабай жейт.

Эң көп окулган жаңылыктар