14:04
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Катуу ылдамдык үчүн салынган жаңы айыппул жемкорлукка алып келиши мүмкүн

Катуу ылдамдык үчүн салынган жаңы айыппул жемкорлукка алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу парламенттин отурумунда депутат Эльвира Сурабалдиева билдирди.

Ал билдиргендей, жаңы кодекстерде укуктук коллизия бар.

«20 чакырымга чейин катуу айдаганга болбойт деген аймакта катуу ылдамдык менен айдаган жеке жактар 1 миң сом айып төлөйт. 40 чакырымдан жогору болсо 7 миң 500 сом төлөйт. Мында татаалдык бар. Эгерде айдоочу саатына 39 чакырым менен келе жатса, анда 1 миң сом айып төлөйт. Эгер 40 болсо анда башка сумма. Бул жемкорлукка алып келиши мүмкүн. Эртең МАИ кызматкери айдоочуну токтотуп, бир чакырым айрыма үчүн 7 миң 500 сом талапк ылышы мүмкүн», -деди Эльвира Сурабалдиева.

«Бүткүл өлкөгө уят болгонубузду моюнга алышыбыз керек», -деди ал.

ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиев аталган норма ылдамдыкты чектеген белгилер жайгашкан аймактарга гана тийиштүү деди. Айтымында, кодексте көп ката бар. «Жумушчу топ түзүлдү, кодекске өзгөртүү киргизебиз», -деп кошумчалады ал.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби