Бүгүн Бишкектин айрым аймактарында оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Түндүк электр» ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жарык төмөнкү даректерде жок болот:
Саат 9:00дөн 12:00гө чейин Көк-Жар жаңы конушунун Көк-Жайык, Арстанбап көчөлөрүндө;
Саат 12:00дөн 15:00гө чейин Көк-Жар жаңы конушундагы Босого, Молдокулов көчөлөрүндө;
Саат 9:00дөн 15:00гө чейин Найманбаев, Суванбердиев көчөлөрүндө;
Саат 9:30дан 14:00гө чейин Байтик-Баатыр, Пролетарский, Фирсов көчөлөрүндө;
Саат 14:00дөн 17:00гө чейин Щербаков, Щусев, Тыныстанов, Сеченов, Перекопский тар көчөсүндө;
Саат 9:30дан 14:00гө чейин Репин, Куюкова, Жибек-Жолу, Турусбеков, Ташкентский, Тоголок молдо көчөлөрүндө;
Саат 9:30дан 17:00гө чейин Алтын Казык, Степная, Тимирязев, Сагынбай манасчы, Калык Акиев, Токтогул, Махатма Ганди, Баялинов, Белинский, Жамбул көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт.