10:21
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Жаңы кодекстер кабыл алынгандан кийин айрым депутаттар мамлекеттик сыйлык алышты

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары азыр кызуу талкууга түшүп жаткан жаңы кодекстерди кабыл алгандан кийин мамлекеттик сыйлык алышты. Бул тууралуу Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети жана Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин отурумунда  депутат Курманкул Зулушев айтты.

Анын билдирүүсүндө, кодекстин иштелип чыгышы президенттин аппаратынын мурунку жетекчиси Манас Арапбаевдин көзөмөлүндө болгон. «Азыр күнөөлүүлөрдү издебегиле деп айтып жатышат. Бирок, карапйым элдин мойнуна ири каражатты илип коюшту. Буга ким жооп берет?», -деди депутат.

Курманкул Зулушев кодекс боюнча жумушчу топтун мүчөлөрүнүн маянасын түшүндүрүүнү талап кылды. Комитет өкмөткө каржылык булакты аныктагыла деп тапшырды.

Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, кодекстерди иштеп чыгууда бюджеттен акча каралган эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар