18:00
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Индиядагы элчилик. Асейин Исаевди дайындоого макулдук берүү чечими кабыл алынды

Жогорку Кенештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде Кыргыз Республикасынын Индия Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызмат ордуна дайындоо тууралуу маселе каралды.

Анда Кыргызстандын Индия Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызмат ордуна Асейин Исаевди дайындоого макулдук берүү чечими кабыл алынды.

Асеин Исаев 55 жашта. Ал Урал мамлекеттик университетин жана М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетин аяктаган. Философия илимдеринин кандидаты.

Эң көп окулган жаңылыктар