19:45
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кыргыз-орус мамилеси. Владимир Путин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине мурунку ТИМ башчысы Аликбек Жекшенкуловду бекиткен.

GovoriTV каналына элчи эксклюзивдүү маек берип, тез арада Москвага кетип жатканын айтты.

«Мартта Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга мамлекеттик иш-сапары болот. Бул эки өлкө үчүн маанилүү жана керектүү сапар. Лидерлердин карым-катнашы, эки тараптуу түшүнүүсү өлкөлөр үчүн мааниге ээ. Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз-орус мамилелерине көңүл бурат», -деди элчи.

Анын айтымында, февралдын башында Орусиянын ТИМ башчысы Сергей Лавров менен президенттин жолугушуусу күтүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар