Кыргызстандагы 3 аба майдан учуу үчүн жараксыз абалда. Бул тууралуу унаа, байланыш, архитектура жана курулуш боюнча парламенттик комитеттин отурумунда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.
Айтымында, ички каттамдарды өнүктүрүү үчүн бир канча аба майданды калыбына келтириш керек.
«Адистер Каракол, Талас жана Кызы-Кыя шаарларындагы аба майдандар учууга жараксыз деп бүтүм чыгарып беришти. Алардын ордуна жаңы салуу керек», -деди Кубатбек Боронов.
Комитет «Эйр Кыргызстан» компаниясынын абалын талкуулоодо.