09:09
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Кыргызстандын өкмөтү ички каттамдарды аткаруу үчүн 2 учак сатып алат

Кыргызстандын өкмөтү ички каттамдарды аткаруу үчүн 2 учак сатып алат. Бул тууралуу унаа, байланыш, архитектура жана курулуш боюнча парламенттик комитеттин отурумунда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Айтымында, учактын үлгүсү жана суммасы азырынча такталууда.

«Бүгүнкү авиациянын абалы-бул 12 жылдык иштин жыйынтыгы. Азыркы тапта күчөтүлгөн тартипте иш алып баруудабыз. 2 ай аралыгында бир чечимге келебиз», -деди ал.

Комитет «Эйр Кыргызстан» компаниясынын абалын талкуулоодо.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик авиакомпания көптөн бери банкротко учуроо алдында турат. Жамаат кызмат акысы сакталбаган өргүүгө кеткен.

Эң көп окулган жаңылыктар