22:02
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Дүйшөнбек Зилалиевди экинчи кылмыш иши боюнча суракка алыша элек

Мурунку вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевди экинчи кылмыш иши боюнча суракка алыша элек. Бул тууралуу 24.kg агенттигине анын жактоочусу Чынара Жакупбекова билдирди. 

Анын айтымында, былтыр 10-декабрда камалган аткаминерди бир гана жолу суракка алышкан. Андан бери тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөн эмес.

Дүйшөнбек Зилалиевди мыйзамсыз байыгандыгы үчүн айыпташкан. Анда декларацияда көрсөтүлбөгөн үй, батир жана банктык эсептеги миллиондор табылган.

Жактоочунун айтымында Дүйшөнбек Зилалиевге карата саясий тапшырык аткарылууда. Ал дагы бул ишти саясий шоу деп атап, күнөөнү мойнуна албай эле.

Эң көп окулган жаңылыктар