16:58
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Дүйшөнбек Зилалиев байлыгы. УКМК мурдакы вице-премьердин мүлкүн ачыктады

Дүйшөнбек Зилалиев киреше жана чыгаша декларациясында байлыгын толук көрсөткөн эмес. Бул тууралуу УКМК маалымдайт.

Алардын билдирүүсүндө, Дүйшөнбек Зилалиев 2011-2016-жылдары мамлекеттик кызматта туруп жеке өзү 2 миллион 541 миң 527 сом, жубайы 408 миң сом киреше тапкандыгын көрсөткөн. 

Бирок, тергөөнүн жүрүшүндө анын 2018-жылдын сентябрына чейин коммерциялык банктардын бирине катып сактап жүргөн 889 миң 900 доллар акчасы табылды.

Андан сырткары Зилалиевдин декларациясына көрсөтпөй койгон батир, үй жана жер тилкелери бар экендиги аныкталды. Бирок ал мүлктөр жакындарынын атында болгон.

2017-жылдын 17-апрелинде Зилалиевдин жакындарынын бирине Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү эки кеңсе имараты катталган. Алып-сатуу келишимине ылайык, имараттын бири 34 миллион сом, экинчиси 19 миллион сом турат.

Ошондой эле ал Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп турганда, жумушу жок жакынына Кыргыз жериндеги алтын казылуучу жана бир канча кен байлыктар жаткан жерлердин лицензиясын каттап койгон.

Эң көп окулган жаңылыктар