12:56
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Дүйшөнбек Зилалиевдин мыйзамсыз баюу фактысы боюнча иши сотко өттү

Мурунку вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин мыйзамсыз баюу фактысы боюнча иши сотко өттү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иликтөө аяктап, иш Биринчи Май райондук сотунда каралмакчы.

«Дүйшөнбек Зилалиевге 2010-жылдан 2017-жылга чейин мамлекеттик түзүмдөрдө ар кандай жетекчилик кызматты аркалап жүргөндө, анын расмий кирешесинен көп болгон мүлккө ээ болгон деген айып тагылууда», -деп билдиришти Башкы прокуратурадан.

Эске салсак, былтыр декабрда УКМК Дүйшөнбек Зилалиевден декларацияда көрсөтүлбөгөн үй, батир жана банктык эсептеги миллиондорду тапкан. Ал күнөөнү мойнуна албай келет.

Эң көп окулган жаңылыктар