13:06
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Шоу-бизнес жылдыздары 10 жыл мурда жана бүгүн

Кыргыз шоу-бизнес жылдыздары социалдык түйүндөгү «он жыл мурда жана бүгүн» челленжине катышууда.

24.kg агенттиги шоу-бизнесте аты-жөнү таанымал болуп калган белгилүү инсандардын сүрөттөрүн коюп тизмектеди.

Белгилүү эстрада ырчысы, Эмгек сиңирген артист Бек Борбиев жаштардан кем калбай 10 жыл мурунку жана былтыр түшкөн сүрөттөрүн жүктөгөн. Ал сүрөттүн алдына «Зымыраган убакыт» деген жазуу калтырган. Интернет колдонуучулардын бири «Жүзүңүздө эч өзгөрүү жок, сиз карыбай эле сизден кийинкилерди карытып жатасыз го», деген тамашалуу билдирүү калтырган.

Көп балалуу баатыр эне, ырчы Гүлнара Кахарова 2008-жылы тартылган сүрөтүн жүктөгөн. Жанында 10 жылдан кийинки сүрөтү турат. Ал «Мен да 10 жыл мурун тартылган сүрөтүмдү таптым, эми эмне болуп кетээр экенбиз?», деп суроо салган. Күйөрмандары ырчы айымга «Кукла Барби бул жакта эле калат», деген мактоо айтышкан.

Өткөн жылы Эмгек сиңирген артист наамын алгандардын арасында ырчы Салима Балтаева да бар. Ал «Достор» тобунда ырдап келет. Ырчы айым 10 жыл мурунку сүрөт деп кызы менен түшкөн сүрөттү жарыялады. «10 жыл мурун көз караш башкача экен эле» -деген билдирүү калтырган интернет колдонуучусу.

«Кыргызстан обондору» радиосунда «Таңкы тополоң» аттуу берүү менен таанылган ди-джей, алып баруучу Арстанбек Абдыманов дагы кесиптештеринен артта калбай уулу менен түшкөн сүрөтүн алып чыкты. «Балаңыз чоңойгон сайын сиз жашарып бараткансыз го», -деп жазган социалдык түйүндүн колдонуучусу.

Мындан сырткары ырчылар Назми, Омар, Кайрат Пиримбердиев, кыл кыякчы Айнур Бердикулова дагы 10 жыл мурунку сүрөттөрүн жарыялашты.

Арасынан айырмаланып ырчы Кайрат 10 жыл мурун түшкөн сүрөтүнөн башка 30 жылдык айырмасы бар сүрөтүн дагы элдин сынына койгон.

Ырчы Анжелика дагы башкалардан айырмаланып дагы бир ырчынын сүрөтүн кошо жарыялады. Ал кыргыздын салттуу музыкасын жайылтууга салымын кошуп келе жаткан ырчы айым Гүлнур Асанова экөө чогуу түшкөн сүрөттү алып чыкты.

«Экөөбүз тең 20 жылдан сон кол кармашып сүрөткө түшөбүз деп 1999-жылы ойлобосок керек. Себеби, оюбузда оюндан башка эч нерсе жок болчу. Анда Гульнур -актриса, «Карагул ботом» тасмасына тартылып калган. Мен Таш-Комур шаарына концерт менен келгем. Концерт башталганча Гүлнур менен парктан чыкпай ойночубуз», -деп эскерет ал күндөрдү Анжелика.


Өткөн жылы мамлекеттик сыйлыкка ээ болгон, КТРКнын кызматкери, үн режиссер Нурдин Төрөбековдун жарыялаган сүрөтү баарынан оргиналдуу болду. Ал 10 жыл мурунку жана азыркы сүрөт деп микрофондун сүрөтүн жарыялаган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-март, шейшемби
18-март, дүйшөмбү