10:46
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Эл аралык уюмдарда иш алып барган мекендешибиз Жайна Кулманбетова

Жайна Кулманбетованын Кыргызстандан чет жерге кеткенине 10 жылга чукулдап калды. Ал Бишкектеги «Манас» университетинин коммуникация факультетин аяктап, журналисттик кесибин Түркиянын TRT AVAZ телеканалында уланткан. Азыр Азербайжандын баш калаасы Бакуда Кызыл Крест уюмунда иш алып барууда.

Жайна Кулманбетова дүйнө жүзүнө гуманитардык жардам көрсөткөн уюмдагы ишмердиги тууралуу 24.kg агенттигине айтып берди. 

Жайна Кулманбетованын жеке архивинен алынды
Фото Жайна Кулманбетованын жеке архивинен алынды

-Кызыл Крест уюмуна кантип келип калдыңыз?

-Түркияда иштеп жүргөн учурда жолдошум АКШдан грин карта утуп алып, көчүп кеттик. Алгач Бириккен Улуттар Уюмунда волонтер болуп иштедим, кийин сынактан өтүп Кызыл Крестке которулдум.

Кызыл Крест коомунун эрежесине ылайык, жумуш боюнча кенен маалымат бере албайм. Эл аралык уюм болгондуктан, кесиптештерим дүйнөнүн төрт бурчунан топтолушкандыгын, өтө жооптуу жана тактык талап кылган иш алып барарыбызды гана айта алам. Негизи дүйнө коомчулугу бул уюмдун ишин жакшы билишет. Мен дагы ошол кыймылдын, ишмердиктин ичинде аралашып жүргөндүгүмө сыймыктанам.

Жумуштан бизди ар кайсы өлкөлөргө жөнөтүп турат. Азыр төрт айдан бери убактылуу Бакуда турам. Ал эми жолдошум менен кызым Чикаго шаарында.

— Эки өлкөдө жашоо оор болсо керек?

— Ооба, оор. Бирок, мен жумушумду жакшы көрөм. Үй-бүлөм дагы түшүнүү менен кабыл алышат. Жалгыз кызыбыз чоңоюп калды. 8-класста окуйт. Андыктан сагынганыбыз гана болбосо, башка кыйынчылыктар жок.

— Чет жердеги мекендештерибиз менен иш учурунда кезигип каласызбы?

— Мен билгенден Кызыл Крест уюмунда жалгыз эле менмин. Бирок, иш сапарларында мекендештерибизди кездештирип калам. Кыргыздар азыр эл аралык уюмдарда, алдынкы ишканаларда, көптөгөн өлкөлөрдө иштеп калышты. Бир жерде болбосо, башка жерде сөзсүз бир мекендешимди жолуктурам.

Биздин жердештер сыртта жүргөндө өзгөчө ынтымактуудай сезилет. Кыргызстандык экендигибизди билсек, жакын тааныштай учурашабыз.

Бирок, эгер четтеги диаспоралар менен байланыш жөнүндө сурасаңыз, мен убакыттын тартыштыгынан иш-чараларына катыша албай калам. Түркия жана АКШдагы кыргыздардын тыгыз байланышта экенин билем.

Жайна Кулманбетованын жеке архивинен алынды
Фото Жайна Кулманбетованын жеке архивинен алынды

— Журналистикадан башка ишке кетүү кыйын болгон жокпу? TRT AVAZ каналында бир топ эмгектендиңиз эле.

— TRT AVAZ телеканалы — бул менин биринчи кесиптик мектебим. Каналдын 2009-жылы кыргыз бөлүмү ачылгандан баштап 2016-жылга чейин жетектедим. Бул жылдар мен үчүн абдан маанилүү жылдар десем жаңылышпайм. Себеби, TRT AVAZ аркылуу бир гана кыргыз жана түрк тележаатын эмес, коңшу казак, өзбек, түркмөн жана азербайжан элдеринин маданияты, каада салты жана мамлекеттүүлүгү тууралуу көптөгөн маалыматтарды алдым. Ошондой эле журналистика, радио жана ТВ тармагында көптөгөн инсандар менен тааныштым, тажрыйба алдым.

Анүстүнө түрк телеканалдары журналисттерди дайым өнүгүүгө түртөт жана ага шарттарды түзөт. Семинар, тренингдер өткөрүлүп, чет тилдерди бекер үйрөнүүгө да мүмкүнчүлүктөр бар.

— Чет жакта жашаган мекендештердин көпчүлүгү балдары эне-тилин унутуп бара жаткандыгына даттанышат. Кызыңыз кыргыз тилин билеби?

— Ал үй-бүлөгө байланыштуу. Эгер чоңдор сүйлөбөсө, балдар кайдан билсин. Менин кызым 1-класстан 5-класска чейин Түркияда орус мектебинде билим алгандыктактан, кыргызча, түркчө, орусча жана англисче эркин сүйлөйт. Үйдө кыргызча сүйлөшкөндүгүбүздөн эне тилинде так жана эркин баарлашат. Жыл сайын жайкы эс алууну чоң ата, чоң апасы менен Кыргызстанда өткөзөт, бул биз үчүн абдан маанилүү.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-март, шейшемби
18-март, дүйшөмбү