13:47
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Кыргызстанда Орто Азиядагы биринчи IT HUB ачылат

Кыргызстанда Орто Азиядагы биринчи IT HUB ачылат. Бул тууралуу билим берүү министринин кеңешчиси Нурсултан Кубанов билдирди.

Долбоор Америка алдынкы IT компанияда иштеген кыргызстандыктар менен бирге ишке ашат. IT HUB ири өлчөмдөгү инвестиция тартылат.

«Биз жарандарыбызды маалымат технологиясы жаатында окутуп, аларга дүйнөнүн эшигин ачабыз. Биз Орто Азия жок долбоорду ишке ашырууга даярбыз. Мен Кыргызстандын ЖОЖдору тейлөө тармагындагы адистерди даярдоо менен чектелишине каршымын. Анткени бизде жакынкы он жылда IT тармагындагы дүйнөлүк чемпиондорун чыгарууга толук мүмкүнчүлүгүбүз бар», — дейт ал.

Нурсултан Кубанов Америкадагы кыргыздардын «Мурас» клубу жана анын негиздөөчүлөрүнүн бири Эсен Ниязов менен чогуу иш алып бармакчы.

Белгилей кетсек, АКШда белгилүү компанияларда иштеген кыргызстандыктар «Мурас» клубун түзүшкөн. Алар өткөн жумада IT форумун өткөрүштү. Эсен Ниязов Чикаго шаарындагы жүздөгөн кыргызстандыктарга компьютердик технологияны үйрөткөн Cybertek окуу борборун жетектейт.

Эң көп окулган жаңылыктар