Кыргызстанда соттор соттолуучулардын жаза өтөө режимин тандашпайт. Бул тууралуу маалымат жыйында Жазык жана жарандык сот өндүрүшү башкармалыгынын прокурору Азизбек Шүкүрбеков билдирди.
Айтымында, мындай өзгөртүүлөр жаңы Жазык-аткаруу кодексине киргизилди.
«Жаңы Жазык-аткаруу кодекси боюнча соттолуучулардын жаза өтөө режимин ЖАМКтын алдындагы атайын комиссия тандайт. Анын бир бир мүчөсү протоколго кол коет. Эгерде сот 5 жылга чейин эркинен ажыратуу тууралуу жаза кабыл алган болсо, комиссиянын кишини күчөтүлгөн режимдеги колонияга жөнөтүүгө мүмкүнчүлүгү жок. Баардыгы жазадан көз каранды», -деди Азизбек Шүкүрбеков.
Эске салсак, 1-январдан тарта өлкө аймагында жаңы Жазык, Жазык-аткаруучу, Жазык-процессуалдык кодекстер күчүнө кирди.