08:26
USD 77.80
EUR 87.84
RUB 1.09

«Кыргызстан айым-режиссерлорунун III Кинофоруму» тасмаларды кабыл ала баштайт

«Азия чыгармачыл айымдар» фонду тарабынан уюштурулган «Кыргызстан айым-режиссерлорунун III Кинофорумуна» кыскаметраждуу көркөм жана даректүү тасмаларды кабыл алат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине уюштуруучулар билдиришти.

Маалыматка ылайык, быйыл 3-ирет өткөрүлүп жаткан форумдун максаты — Кыргызстандагы режиссёр-айымдарга колдоо көрсөтүү, алардын өз ара пикир алышуусуна шарт түзүү, дем берип, шыктандыруу, тартылган тасмаларды, эмгектерди жарыялоо жана жаш режиссерлорду таанытуу болуп саналат.

Эске салсак, аталган кинофорум алгачкы ирет 2016-жылы 17-декабрда өткөн. Быйыл форум 2019-жылдын март айында өтөт.

Эң көп окулган жаңылыктар
10-июль, жума