«Азия чыгармачыл айымдар» фонду тарабынан уюштурулган «Кыргызстан айым-режиссерлорунун III Кинофорумуна» кыскаметраждуу көркөм жана даректүү тасмаларды кабыл алат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине уюштуруучулар билдиришти.
Маалыматка ылайык, быйыл 3-ирет өткөрүлүп жаткан форумдун максаты — Кыргызстандагы режиссёр-айымдарга колдоо көрсөтүү, алардын өз ара пикир алышуусуна шарт түзүү, дем берип, шыктандыруу, тартылган тасмаларды, эмгектерди жарыялоо жана жаш режиссерлорду таанытуу болуп саналат.
Эске салсак, аталган кинофорум алгачкы ирет 2016-жылы 17-декабрда өткөн. Быйыл форум 2019-жылдын март айында өтөт.