02:58
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Өлкө бийлиги Кытайга каршы маанайга кабатыр

Акыркы эки айдан бери өлкөдө Кытайга каршы маанай күч алды. Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз-кытай мамилесин бузгусу келген күчтөр жазаланарын эскертти.

2018-жылдын декабрь айынан тарта өлкөдө эки жолу мыйзамсыз жүргөн кытай жарандарын чыгарууну талап кылган митинг өттү.

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз-кытай алакасындагы соңку жагдай боюнча 9-январда, Чүй облусунун Сокулук районунда жергиликтүү тургундар менен жолугушууда пикирин билдирди.

​«Көрүп жатасыңар, кыргыз-кытай мамилесин да саясатташтырып жатышат. Мындай болбошу керек. Кытай мамлекети — биздин коңшубуз. Ата-бабабыз «алыскы туугандан жакынкы коңшу менен жакшы бол» деп айтып кеткен. Алар бизге ошондой мамиле кылып жатышат, гранттарды берип жатышат. Насыяларды каалашынча берип жатышат. Алар берген насыяларды кандай иштетиш керек? Бул биздин мамлекеттин ички маселеси. Ал биздин аткаминерлердин, биздин мамлекеттик бийликте отургандардын маселеси. Бизге насыя берип жатканы үчүн аларга рахмат айтышыбыз керек. Бул маселе биздин көзөмөлдө. Биз кантип эле ушул маселени таштап коелу? Кирген-чыккандын баары көзөмөлдө", -деди президент.

Ал билдиргендей, маселени атайын саясатташтырып, мамилени бузуу аракетин көргөндөр жоопко тартылат.

Былтыр Кыргызстанга 35 миңден ашуун (35 миң 215) кытай жараны келип, 34 миң 436сы кайра чыккан. Мамлекеттик каттоо кызматында 25 миңге жакын кытай жараны каттоодо турат. Алардын 25ине өлкөдө жашоого уруксат берилген.

Эң көп окулган жаңылыктар