21:11
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

2024-жылга чейин Кыргызстандын калкы толугу менен таза суу менен камсыз болот

2024-жылга чейин Кыргызстандын калкы толугу менен таза суу менен камсыз болот. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков АРИСтин аткаруучу директору менен жолугушканда маалым болду.

Маалыматка ылайык, учурда Кыргызстандын 21 шаарында 193 миллион евролук долбоорлор ишке ашырылууда.

Жолугушууга мамлекеттик архитектуралык курулуш департаментинин директору жана ичүүчү таза суу менен жабдуу департаментинин директору да келген.

Суу менен камсыз кылуу боюнча эң оор абал Жалал-Абад облусунда. Ал жактагы 148 айылда таза суу жок. Өлкөдө жалпысынан 390 айыл ичүүчү таза суу менен камсыз болгон эмес.

Таза суу менен камсыз кылуу боюнча долбоорлорду Бүткүл дүйнөлүк банк, Ислам өнүктүрүү банкы, Азия өнүктүрүү банкы, Евро Биримдик, Швейцария конфедерациясы колдойт. Каражаттын басымдуу бөлүгүн грант түзөт. Республикалык бюджеттен таза суу менен камсыздандырууга ушул жылы 350 миллион сом каралат.

 
Эң көп окулган жаңылыктар