Тегерандын аймагында кырсыкка учураган Boeing 707 учагынын бортунда кыргызстандыктар болгон эмес. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аба майданынан билдиришти.
Жүк ташуучу учак Тегерандан Бишкекке 13-январда саат 23:10до келип конгон. Бишкектен Пайанга бүгүн саат 7:16да учуп кеткен.
Учакта 30 тонна тоңдурулган эт жүктөлгөндүгү айтылууда. Бортто жалпы 16 киши болгон, алардын ичинен инженер гана аман калганы маалым болду.