13:00
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Бишкекте айдоочулар аз жерден кырсыкка себепкер боло жаздашты

Бишкекте 2 айдоочу жол эрежелерин бузуп, аз жерден кырсыктын болушуна себепкер боло жаздашты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине окурмандар билдиришти.

Ахунбаев менен Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилишинде таксист жол чырактын кызыл белгисинде жүрүп кеткен. Жашыл белгиде өтүп бара жаткан айдоочунун сактыгы менен гана жол кырсыгы болбой калды.

Ошондой эле Юнусалиев көчөсүндө айдоочу кош сызыктан бурулууну чечип, кырсыкка себепкер болуп кала жаздады. 

Эң көп окулган жаңылыктар