00:41
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Асел Чоткараева үч кинодон кийин актрисалыктан эмнеге баш тартты?

Асел Чоткараеванын жеке архивинен
Фото Асел Чоткараеванын жеке архивинен

«Министрдин кызынын махабаты», «Балакай», «Дудук кыз» тасмаларында башкы ролду жараткан актриса Асел Чоткараева азыр режиссёрлукка ыктап, кадр артында эмгектенүүдө. Анын «Сезим», «Үчөө», «Периште» аттуу кыска метраждуу тасмалары коомчулук тарабынан жакшы кабыл алынып, эл аралык сынактарда байгелүү орундарды камсыз кылды. Асел Чоткараева үй-бүлөсүнөн тарта ишке ашпай калган кыялы тууралуу 24.kg агенттигине айтып берди.

— Баарыбыздын эле кичине кезде белгилүү болуу тилегибиз бар. Чачты коё берип, оозду боёп, сахнада ары бери басып көгүлтүр экранга чыксак эле сулуу, даяр актриса болобуз деп ойлойбуз, бирок кийин бул тармакка аралашканда ушул оюмдан кайттым. Башка кесиптердей эле эмгекти, билимди талап кылат. Мен эмгегимди бул жакка жумшагым келген жок, тасмага тартылуу бул жөн гана кыялым болгон экен. Мен каалап, жан дүйнөм тарткан кесип эмес, мындан улам театралдык окуу жайдан кеткениме өкүнбөйм.

Бирок, ошол эле маалда алган маяналары аз болгонуна карабай талбай эмгектенген актерлорду сыйлайм. Канчалаган эмгек, мээнет коротуп жатканын жакшы түшүнөм.

Мен кесибим боюнча ырчымын. Мен муну ишке ашпай калган кыялым дейм.

Ырдабайм, актриса болбойм деп чечкем

Бирок, жолдошум «ырдашың керек, ыр жаздыр» дейт.

— Режиссерлук чөйрөгө кантип аралашып калдыңыз?

— Чыгармачылык чөйрөдө, искусстводо тубаса талант болушу керек. Мен режиссёрлук чөйрөгө жөн жерден келген жокмун. Кичинемде эле ыр чыгарып, оюмду жазып калчумун. Тасмага тартылууга каалоом жок болуп калды, театрда иштегим келген жок. Ал арада режиссёр Эрнис Абдыжапаровдун мастер классына барып катышып калдым. Албетте, 7 күндө режиссёр болосуң деген кепилдик болбойт. Бирок ошол убакыт аралыгында кесип сеникиби же эмеспи так аныктай аласың. Анда мен 2 мүнөттүк ролик тарттым, баары жакшы кабыл алышты. Тарткан сайын жан дүйнөмдү өйкөгөн нерселерди чыгаргым келди. Жолдошум оператор болуп «Сезим» тасмасын тарттык. Ал Түштүк Кореяда өткөн сынакта баш байгени жеңип алды. Андан кийин өз жашоомдон алынган «Үчөө» аттуу тасманы жараттым. Анда ар бир экинчи үй-бүлөгө таандык ажырашуу трагедиясын чагылдыргам. Ошол эле маалда режиссерлук боюнча жогорку кино мектебин окуп бүтүрдүм. Дипломдук иш катары кыска метраждуу «Периштемди» тарттым. Тасмада азыркы биздин коомдо болуп жаткан көйгөйлөр камтылган. Жаш өспүрүмдөр арасында өз өмүрүнө кол салгандар көп. Жан дүйнөсү кыйналып, аны кыйнаган маселеден кандай чыгып кетүүгө кеңеш берген адам жок жаштар тууралуу. Бизде кандай, балдарды айрыкча ата-энелер укпайт, угушат бирок түшүнүшпөйт, айласы жок өспүрүмдөр өз өмүрүнө кол салышат. Кээде жөн эле жигити же сүйгөн кызы таштап кетсе, ал тургай телефон жоготуп ийсе деле асынып калышат. Кыскасы, тасма аркылуу ата-энелерге кайрылып, балдарга көңүл бурууга чакырабыз.

— Кайын энеңиз атактуу актриса Жамал Сейдакматова келиним менин жолумду улап, чыгармачылыктын казанында кайнап келе жатат деп сыймыктанса керек. Учурунда кайненеңиз сизди жакшы кабыл албаганын айтканыңыз бар. Ортодо мамилеңиздер кандай?

Асел Чоткараеванын жеке архивинен
Фото Асел Чоткараеванын жеке архивинен

— Эми мурда берген маегим өткөн кеткен окуя, убагында андай сынак мезгил болгон. Эң негизгиси азыркы учурда баары жакшы, өз жолунда.

Кайненем акылдуу, ушунчалык бийик, ошол эле маалда жөнөкөй адам. Ошол касиетин өзүмө алгым келет.

Эч качан «мен эл артистимин, менмин» дебейт. Кээ бир өзүн жылдыз сезгендер үлгү алса жакшы болмок. Азыркы учурда бирөөгө чалайын десең, биринчи, экинчи менеджеринен кийин чала аласың. Белгилүү жылдыз менен түз байланыша албайсың. Кайненем мыкты адам, жумшак. Аябай эрке келинмин, өзү жана жолдошум «эркесиң» деп көп айтышат. Анткени ошондой жол түзүп берип койду. Биздин келбетибизди баары окшоштурушат. Мүнөзүбүз жактан бир маалда беш-алты ишти мээбиз менен бүтүрө бергенибиз окшош. Жаныбыз тынбайт, ак көңүлбүз. Экөөбүз тең бала кыялбыз.

— Үй-бүлөлүк маселелерден башка чыгармачылык тууралуу сүйлөшүп каласыздарбы? Кандай кеп-кеңештерди айтып турат?

— Кандай гана маселе болбосун жолдошум жалгыз уулу болсо, мен жалгыз келини болсом чогуу отуруп чогуу чечилет. Кадимкидей кайнене келин баладай чыгармачылык жаатта баарлашабыз, ашканада чай ичип сырдашабыз. Жолдошум ката кетирип койсо, экөөлөп урушуп калабыз. Кайненеме абдан ыраазымын, «Асел айтсын, Асел эмне дейт экен?» деп менин оюм менен эсептешип турат. Ал да болсо мага болгон сыйы деп билем. Мен да аны сыйлайм.

— Жолдошуңуз дагы чыгармачыл чөйрөдөнбү?

— Эки чоң чыгармачыл кишинин уулу болгондуктан, жолдошум ар тараптуу таланттуу инсан. Кайсы тармакта иштесе дагы майын чыгарып, мыкты боло алат. Жолдошум өтө жөнөкөй киши. Мурунку үй-бүлөсүндөгү балдарын чогуу багат, камкор, үй-бүлөгө бекем, туруктуу жолдош.

Учурда кино оператор болуп иштейт. Жолдошумдун биринчи никесиндеги 2 баланы кошкондо 4 балабыз бар. Мени дайым колдоп турат.

Асел Чоткараеванын жеке архивинен
Фото Асел Чоткараеванын жеке архивинен

Эң көп окулган жаңылыктар