05:15
USD 69.74
EUR 79.24
RUB 1.05

Корея, АКШ, Россия жана Кытайга элчиликке талапкерлер аныкталды

Түштүк Корея, АКШ, Россия жана Кытайга элчиликке талапкерлер аныкталды.

Маалым болгондой, тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова Түштүк Кореяга элчиликке көрсөтүлүүдө. Динара Кемелова 48 жашта. Кыргыз, орус, япон, англис тилдеринде эркин сүйлөйт.

Ал эми Канайым Бактыгулова Кытайдагы элчиликти жетектеши мүмкүн. Ал 2013-2017-жылдары Кытай жана Монголиядагы дипломатиялык корпусту башкарган.

Ал эми Кыргызстандын Россиядагы элчиси Болот Отунбаев АКШга көчөт. Анын ордуна Россияга мурдакы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов барары күтүлөт. 

Талапкерлер эмки жумада Жогорку Кеңештин эл аралык мамиле, коопсуздук жана коргоо комитетинде каралат.

Эң көп окулган жаңылыктар