16:48
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Роза Отунбаеванын Текебаевге ырайым көрсөтүү өтүнүчү токтотулду

Экс-президент Роза Отунбаеванын Өмүрбек Текебаевге ырайым көрсөтүү өтүнүчү токтотулду. Бул тууралуу 24.kg агенттигине президенттин алдындагы ырайым берүүчү комиссиясынан билдирди.

Алардын айтымында, экс-президенттин кайрылуусу Жаза аткаруу кызматына жөнөтүлгөн.

«Алар ырайым көрсөтүү үчүн керектүү болгон талаптар менен толуктап комиссияга жөнөттү. Комиссиянын катчылыгы карап чыгып, Роза Отунбаеванын кайрылуусун токтотту. Анткени, ырайым көрсөтүүдө соттолгон кишинин пикири угулат. Ал макулдук берип, өлкө башчысына кайрылышы керек. Өмүрбек Текебаев каршылыгын билдирип, өзүнүн күнөөсүз экендигин айтып, ырайым суроодон баш тартты. Бул боюнча ага Роза Отунбаева жооп жөнөтүлөт», — дейт.

Белгилей кетсек, Роза Отунбаеванын Өмүрбек Текебаевге ырайым кылуу сунушун парламенттин алты фракциясынын лидерлери баары колдогон. Өмүрбек Текебаев сегиз жылга соттолгон.

Эң көп окулган жаңылыктар