06:20
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Роза Отунбаеванын Текаебаевге ырайым көрсөтүү өтүнүчүн комиссия карап чыгат

Экс-президент Роза Отунбаеванын Өмүрбек Текебаевге ырайым көрсөтүү өтүнүчүн президенттин алдындагы атайын комиссия карап чыгат. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынан билдиришти.

Алардын маалыматында, Роза Отунбаеванын өтүнүчү менен бирге Өмүрбек Текебаевдин ырайым суроодон баш тарткан билдирүүсү жана анын жаза мөөнөтү эсептелген кагаздар комиссияга жөнөтүлдү.

Эскерте кетсек, Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов жемкорлук айыбы менен 8 жылга эркинен ажыратылган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума