01:05
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Мурунку мэр Албек Ибраимовдун менчигинде 10,2 гектар токой бар

Мурунку мэр Албек Ибраимовдун менчигинде токой бар болуп чыкты. 24.kg агенттиги анын кирешелер тууралуу декларациясын анализдеп көрдү.

Албек Ибраимовдун туугандары 2015-жылкы декларация боюнча 29 жер аянтына ээ болушкан. Анда жер аянттын эң чоңу 7 миң 140 чарчы метр, эң кичинекей 2 миң чарчы метрди түзөт. Ушундай эле жер аянтына Ибраимовдордун үй-бүлөсү 2016-жылы ээ болушкан.

2017-жылкы декларацияда Албек Ибраимов 5 миллион 654 миң 311 сом иштеп тапкан деп көрсөтүлгөн. Анын 101,8 гектар айыл чарба маанисиндеги жери, 10,2 гектар токою жана гаражы бар экени көрсөтүлгөн.

Албек Ибраимовдун өзүнүн жана туугандарынын турак жайы жок. Алар бир жылда 6 миллион сом иштеп табышкан. Алардын менчигинде «Тойота RAV 4» унаа катталган.

Эске салсак, Албек Ибраимовго жемкорлук  айыбы тагылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар