12:36
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Адыл Жунус уулу салык декларациясында бизнеси тууралуу маалыматты жашырып койгон

«Республика — Ата Журт» фракциясынын депутаты Адыл Жунус уулу салык декларациясында бизнеси тууралуу маалыматты жашырып койгон. Бул тууралуу Factcheck.kg жазды.

Маалыматка караганда, кирешелер жана мүлк тууралуу эл өкүлүнүн отчетунда «Норсвест Майнинг Компани» ЖЧКдагы үлүшү көрсөтүлгөн эмес.

Журналисттер Адыл Жунус уулунун 2015, 2016 жана 2017-жылдагы 3 декларациясын текшеришкен. Ал болгону расмий айлык маянасын, мүлкүнөн -«Лексус GX470» унаасын көрсөткөн.

Депутаттын туугандарынын мүлкү көп болуп чыкты. Алардын менчигинде 39, 70 жана 716 чарчы метрлик 3 үйү, 66 чарчы метрлик батири жана айыл чарбасына мүнөздүү болбогон 3 жер аянты катталган.

Адыл Жунус уулунун эч кандай бизнеси жок деген маалымат чындыкка дал келбейт.

Адилет министрлигинин маалымат базасына жана OsOO.kg парталына ылайык, депутат «Норсвест Майнинг Компани» ЖЧКнын жалгыз негиздөөчүсү. Компания каттоодон 2017-жылдын 14-августунда өткөн. Ал кезде Адыл Жунус уулу депутат болчу.

«Фирманын дагы бир кожоюну бар. Депутаттан сырткары ага «Грейт Норсвест Майнинг Компани» ЖЧКсы ээлик кылат», — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума