15:59
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Алимбековдун жубайынын курулуш компанияларда үлүшү бар. Депутат жашырып койгон

Депутат Нурбек Алимбековдун жубайынын компаниясы бир канча турак жай комплекстерин курат, бирок депутаттын декларациясында алар көрсөтүлгөн эмес. Бул тууралуу Economist.kg билдирди.

«Кыргызстан» фракциясынын депутаты Нурбек Алимбеков, анын салык декларациясына ылайык, анча бай эмес. Бирок ал өз отчетунда жубайы Гүлназ Тороева 2 ири курулуш компанияларынын жана бир канча ЖЧКнын кош негиздөөчүсү экенин көрсөткөн эмес деп жазат басылма.

Журналисттер ачык булактар менен анын декларациясын салыштырып, Алимбековдун жубайы Бишкек жана Оштогу комфорт жана премиум-класстагы курулуш комплекстерин куруучу компаниялардын («Английский квартал», «Фрунзе», «Нурзаман Плаза».) негиздөөчүлөрүнүн бири экенин аныктап чыгышты.

2015-жылдан 2018-жылга чейин депутат жылына 750 миң сомдон кем эмес иштеп тапкан. Бул айына 60 миң сомдон кем эмес дегенди билдирет. 2016-жылы Алимбековдун кирешеси 885 миң сомду түзгөн. Депутат 2015-2016-жылдары декларациясында болгону 0,1 гектарлык жер аянтын гана көрсөткөн. 2017-жылы гана анда 66 чарчы метрлик курулуш аянты жана 3,2 гектарлык жер аянты пайда болгон.

Депутаттын туугандарынын кирешеси жана чыгашалары көп. Декларацияда көп сандагы кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрү көрсөтүлгөн. 

«Бир гана жолу, 2017-жылы эл өкүлү декларацияга тууганынын бизнеске катыштыгы бар экенин көрсөткөн. Анда «Нурзаман» ЖЧКда фирмадагы үлүшүн «Акция» деп атап, «100 000» (валютасы белгисиз) деп көлөмүн жазган. Андан кийинки декларацияларда тууганынын бизнеске катыштыгы бар жогу айтылган эмес. 2018-жылы аткаминер декларациясынын кыймылдуу мүлк деген графасына кайсыл бир акциянын 2 пунктун кошкон (2 миллион 726 миң 400 жана 1,2 миллион (валютасы белгисиз))», — деп жазат ЖМК.

Журналисттер Адилет министрлиги менен OsOO.kg сервисиндеги маалыматтар базасын текшерип чыгышты. Ага ылайык, депутаттын жубайы Гүлназ Тороева Кыргызстандын аймагында катталган 4 фирманын жетекчиси же негиздөөчүлөрдүн бири болуп чыкты.

1. «Папан курулуш» ЖЧК—2005-жылдын сентябрынан бери иштейт. Бишкекте катталган. Гүлназ Тороева жетекчиси. Алимбеков өзү бул компанияда 2008-2010-жылдары директор болгонун Жогорку Кеңештин сайтындагы резюмесине жазган. Каттоо маалыматында ИНН көрсөтүлгөн эмес, фирманын салык төлөмдөрүн аныктоого мүмкүн болгон жок. Адилет министрлигинин базасында компаниянын негиздөөчүсү көрсөтүлгөн эмес.

2. «Дианур Строй» ЖЧК— Бишкекте 2013-жылдын ноябрында түзүлгөн. Компантянын 2 негиздөөчүсү бар- Гүлназ Тороева жана Аманжан Алахунов.

3. «Нурзаман» ЖЧК курулуш компаниясы—ушул жылдын апрелинде кайра каттоодон өткөн, юридикалык дареги -Бишкек. Компаниянын 4 негиздөөчүсү бар- Ысманов Урматбек, Асанов Адылбек, Тороева Гүлназ жана Каарыев Кудурет.

4. «Папан Металл» ЖЧК —Бишкекте 2019-жылдын майында пайда болгон. Компаниянын ишмердүүлүгү дүң соода менен байланыштуу. Негиздөөчүлөрү- Асанов Адылбек жана Тороева Гүлназ.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума