19:28
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Декларациялык кампания-2018. Президенттин аппаратынын жетекчисинин 2 батири бар

Салык кызматы 2018-жыл үчүн декларациялык кампанияны аягына чыгарып, анын жыйынтыгын жарыялай баштады. 

Президенттин аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев былтыр 769 миң 671 сом иштеп тапкан. Анын 48 жана 122 чарчы метрлик 2 батири жана айыл чарбага мүнөздүү болбогон жер аянты бар. Аткаминердин менчигинде 700 миң сомдук эмерек, турмуш тиричилик техникасы, ири жана кичи мүйүздүү малы, жылкылары бар.

Досалы Эсеналиевдин жакындарынын жылдык кирешеси 864 миң 436 сомду түздү. Ал эми чыгымдары 950 миң сом. Аларда өздөрүнүн турак жайы жок, бирок унаасы бар.

Эң көп окулган жаңылыктар