22:09
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Декларациялык кампания-2018. Экс-төрага 39 миллион сом иштеп тапкан

Салык кызматы 2018-жыл үчүн декларациялык кампанияны аягына чыгарып, анын жыйынтыгын жарыялай баштады.

Экс-төрага Чыныбай Турсунбеков өткөн жылы 39 миллион 168 миң сом иштеп тапкан. Ал эми чыгаша жазылган эмес. Депутаттын менчигинде 156, 214 жана 181 чарчы метрлик 3 батири, ар бири 22 чарчы метрден болгон 4 гаражы жана айыл чарбалык жери бар. Мунун катарында жылкылары, ири жана кичи мүйүздүү малы, «Мерседес» унаасы бар.

Мурунку төраганын туугандарынын жылдык кирешеси 1 миллион 481 миң сомду түзгөн. Алардын менчигинде 4 үй, 4 батир, жер аянттары жана курулуп бүтө элек объектилери бар. Мындан сырткары 3 унаа жана 90 миллион сомдук акциялары бар, бирок кайсыл мекемеде экени көрсөтүлгөн эмес.

Буга чейин жарандык активист Мелис Аспеков КСДП фракциясынын депутаты Чыныбай Турсунбеков рейдерлик жол менен «АкылИнвестБанк» менен Бишкектеги ликер-арак заводун басып алганын айткан. Башкы прокуратура УКМКга Бишкектеги ликер-арак заводунун мыйзамсыз банкрот болушу боюнча сотко чейинки өндүрүштү жаңылоону тапшырган.

Эң көп окулган жаңылыктар