06:45
USD 77.80
EUR 87.84
RUB 1.09

Чүйдө дайынсыз жоголгон Темиркул Соронбаев изделүүдө

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмү дайынсыз жоголгон 1966-жылы туулган Темиркул Соронбаевди издөөдө. Бул тууралуу ОИИБдан билдиришти.

Маалыматка караганда, изделип жаткан киши 2018-жылдын 11нен 12-декабрга караган түнү Кой-Таш айылынан чыккан боюнча дайынсыз болууда.

Өзгөчө белгилери: бою 170-175 см, арык чырай, көздөрү кара, чачын ак баса баштаган, кыска, кырдач мурун.

Кийими: кара түстөгү свитер, кара жинсы, бутунда сары түстөгү жеңил бут кийим.

Изделип жаткан киши тууралуу маалыматы бар жарандар 36-35-27, 0701 (67-55-56), 0700 (20-96-66), 0704 (31-25-05), 0552 (22-06-92) же 102 нөөмөт номерлерине чалса болот.

Эң көп окулган жаңылыктар