USD87.45EUR98.04RUB1.04
24.kg

Депутаттар менен аткаминерлердин үйүндөгү балаты

12:00, 29 декабря 2018, Бишкек - 24.kg

Жаңы жылдын башкы шаңы — бул балатыны кооздо. Үйдө балаты коюлганда гана кышкы сыйкыр маанайы жаралат.

24.kg агенттиги аткаминерлер менен депутаттардын үйүнө баш багып, балатысын карап көрдү.

Бийликтеги инсандардын көпчүлүгү балатыны орнотууга жетишпей калганын мойнуна алышты.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун үйүндө балаты коюлду. Бирок, өзүнүн убактысы жок болгондуктан катыша алган жок.

Жеңиш Разаковдун үйүндөгү балаты

Айыл-чарба министри Нурбек Мукашев балатыны жубайы балдары менен чогуу кооздогогун айтты.

Нурбек Мукашевдин үйүндөгү балаты

Күч түзүмдөрүнүн ичинен ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов гана сунушубузду колдоп, үйүндөгү майрамдык символду өзү сүрөткө тартып жөнөттү.

«Бул жасалма балаты. Ал бизде үйдө жети жылдан бери турат», —дейт Курсан Асанов.

Курсан Асановдын үйүндөгү балаты

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов быйыл үйлөндү. Андыктан ал биринчи жолу келинчеги менен бирге Жаңы жыл тосот.

Азамат Жамангуловдун үйүндөгү балаты

«Биз балатыны чогуу орнотуп, кооздомой болдук. Бул биздин үй-бүлөлүк салтыбыз болот», —дейт ал.

Экономики министри Олег Панкратов быйыл жаңы жылдык балатаны кое элек. Анын айтымында, жыл сайын үй-бүлө мүчөлөрү чогуу кооздоп чыгышат. Быйыл убакыт таап, былтыркы балатасын башкы бөлмөгө коймокчу.

Бишкек шаарын мэри Азиз Суракматов келинчеги үйүн жаңы жылга карата кооздоп койгонун билдирди.

Азиз Суракматовдун үйүндөгү балаты

Жогорку Кеңештин «Кыргызстан» фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков балдары чоңоюп калгандыктан, чакан балаты орноторун айтат.

Алмазбек Баатырбековдун үйүндөгү балаты

«Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовдун кичүү балдары жана кыздары балатыга оюнчуктарды илип чыгышат. Бул жылы агасынын небереси дагы кошулган.

Алманбет Шыкмаматовдун үйүндөгү балаты

Ал эми «Республика — Ата Журт» фракциясынын лидери Жыргалбек Турускуловдун үйүндө балатынын жүгү кызына жүктөлгөн.

Жыргалбек Турускуловдун үйүндөгү балаты

Views
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика