12:17
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Жаны жылдык дасторкон. Жогорку Кеңештин депутаттарынан кеңеш

Жаңы жылдык салтанаттар айымдар үчүн өзгөчө сыноо. Бул күндөрү үйдүн кожойкеси жыйналып, таранып, түзөнүп гана эмес, кооз жана даамдуу дасторкон жайышы керек. Андыктан баарыбыз алдын-ала кандай тамак-аш менен үй-бүлө мүчөлөрүн жана конокторду таң калтырууга ашыгып, ар кандай рецепттерди издеп калабыз.

24.kg агенттиги Жогорку Кеңештин депутаттарынан майрамдык дасторконго пландарын сурап чыкты.

Депутаттар жаңы жылды үйлөрүндө жакындарынын курчоосунда тосууну ниеттенишүүдө.

Депутат Наталья Никитенкодон майрамдык пирог

Наталья Никитенко үчүн жаңы жыл-салттуу үй-бүлөлүк майрам.

«Жаңы жылды ата-энебиз, балам менен тособуз. Уулум 9 жашта, ал майрымдык кереметке ишенет. Үйдөгүлөр үчүн ар кандай сынактарды уюштурганга аракет кылам, алдын ала белектерди да камдап коем», — дейт ал.

Депутат эсте калган жаңы жыл тууралуу эскерди. Ал кичинекей кезде ата-энеси үйгө Аяз ата менен Аяз кызды чакыргандарын такыр унутпайт.

«Алардын үйгө келиши мени абдан таасирлентти. Ал тургай жаттаган ырлардымды унутуп да койгом. Ошондо мен ошол маалда кокустан эле ойдон чыгарылган жомокту айтып бергем», — дейт депутат айым.

Наталья Никитенко майрамдык дасторконго сөзсүз түрдө майрамдык пирог бышырат.

Рецепт:
250 грамм ун, 3 жумуртка, ванилин, 150 грам сливочный май, 150 грам сахар, 2-3 даана алма, 2 чоң апельсин, корица керектелет.

Майга сахар, ванилинди аралаштырып, үстүнө жумуртканы чегебиз. Андан кийин апельсиндин ширеси жана сырткы кабыгы кошулат. Баарын аралаштыруу керек. Ун салып, кичине көбүрткүч же сода, корица кошобуз. Андан ийлеп камыр жууруп, калыпка салабыз. Үстүнө майдаланган алманын жана апельсиндин бөлүктөрүн коебуз. 50 мүнөттөй электрондук мешке бышырабыз. Үстүн жемиштер менен кооздоп, сахар пудрасын жана корицадан сээп коебуз.

интернеттен алынды
Фото интернеттен алынды. пирог

Евгения Строковадан каймактагы балык тамагы

«Адатта 31-декабрда абдан чарчап жалгыз болгуң келет. Баарын 30-декабрда даярдап, кийин эс алса болот. Бирок, такыр андай болбойт, күнүң иш кылуу менен өтөт. Жаңы жылды үйдөн тосом», -деди депутат.

Евгения Строкова бала кезде Кызыл аянтка барып, жаңы жылды куранттын кагышы менен тосууну каалачу. Бирок, бул ишке ашпай калган.

«Менин жаш кезимде балатына ЦУМдун жанына орнотушчу. Биз досторубуз менен ал жактан жолугуп белгилечүүбүз», — дейт ал.

Депутат айымдын жаңы жылдык дасторконунда салттуу оливьеден башка каймактагы балык орун алат. Айтымында, бул жеңил жана тез даярдалуучу тамак.

Рецепт:
Форель же семга керектелет. Каймакка туз сээп, мурч салып, ага сарымсакты сыгып коет. Андан кийин татымалдарды даамына жараша кошуу керек. Балыкты порцияга бөлүп, каймактан куюп, фольга менен ороп духовкага бышырат. 40 мүнөттөн кийин тамак даяр.

интернеттен алынды
Фото интернеттен алынды. каймакка чыланган балык

Аида Исмаиловадан пулькогдор

Аида Исмаилова майрамды үйдөн тосот. Айтымында, жаңы жылды бир гана жолу жолдошу менен кыз-жигит болуп жүргөндө кафелердин биринен тоскон.

«Түн жарымына чейин биз кайын журтумдун үйүндө чогулабыз, андан кийин өз апамдыкына барабыз. Баардык үй-бүлө мүчөлөрү жолугушат. Баарыбыз күлүп, баарлашабыз. Жаңы жыл-үй-бүлөөлүк майрам, аны башка жактан тоскуң да келбейт», -дейт депутат.

Аида Исмаилова корей ашканасынын тамактарынын бири пулькогдордун рецепти менен бөлүштү.

Рецепт:
Маринад: соя соусу, суу, бал, тоголок кесилген пияз, жашыл пияз, шампиньон, кунжут, чеснок.

Уйдун этин кичинекей кылып кесип, бир канча саатка маринаддап коюу керек.Андан кийин терең көмөчтанга кууруп алыш керек. Уйдун этинин ордуна тооктун буттарын колдонсо болот.

Альфия Самигуллинадан «Зур-балиш»

Депутат Альфия Самигуллина жаңы жылды үй-бүлөөсүнүн курчоосунда тосот. Айтымында, майрамдык дасторконго жыл сайын бири-бирине окшошпогон тамак-аштарды жасайт.

Бул жылы депутат айым татарлардын эттүү пирогу зур-балиш жасоону чечти.

Рецепт:

Камыр үчүн 2 жумуртка, 2 пачка маргарин, ун керектелет. Ичиндикилер үчүн эт, пияз, редька, туз, даамына жараша татымал.

Алгач камырды калыпка келтирип жаябыз. Анын үстүнө начинкасын коюп, үстүнө кайра камырды коебуз. Четтерин жабыштырабыз. Ортосун тешип, кичине камырдан капкак жасап коебуз. Ысыган духовкада 45-60 мүнөт кармасак жетиштүү.

интернеттен алынды
Фото интернеттен алынды. Зур-Балиш

Депутат Аида Касымалиевадан оливье

Аида Касымалиеванын майрамдык дасторконунда сөзсүз оливье, мандарин жана шампан болот.

Ал жаңы жылды бир жолу жолдон тосконун эскерди.

«Мен анда «Азаттыктын» башкы кеңсеси Прагада иштечүмүн. Бир үй-бүлө менен тосом деп сүйлөшүп алгам, бирок жолдо кармалып жетишпей калгам», — деди ал.

Аида Касымалиева жаңы жылда оливье жасай турганын айтты.

«Үй-бүлөм чоң, майрамдарда тамакты кайын энем жасайт», — деди депутат.

интернеттен алынды
Фото интернеттен алынды. оливье

Эң көп окулган жаңылыктар