18:55
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Саясатчыларды туура сүйлөөгө үйрөткөн манасчы Ширин Сарыгулова

Маданияттын мыкты кызматкери актриса, ырчы, манасчы Ширин Сарыгулова 2016-жылы BBC басылмасы дүйнөдөгү эң таасирдүү, шыктандыруучу 100 аялдын тизмегине киргизген. Ал 24.kg агенттигине сыйлыктарынан баштап окуткан окуучулары, сахна кеби тууралуу айтып берди.

— Кантип дүйнөдөгү эң таасирдүү, шыктандыруучу 100 аялдын тизмесине кирип калдыңыз?

— «Дүйнөнүн 100 таасирдүү жана шыктандыруучу аял заттары» долбоору 2013-жылдын октябрында башталган. Ал XXI кылымдагы дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндөгү аялдардын ролун карайт. Долбоор билим берүү, саламаттык сактоо, эмгекке бирдей акы төлөө, үй-бүлөдөгү зомбулук, жыныстык зомбулук жана башка маанилүү темаларды камтыйт. II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында ВВС келип мен тууралуу жарым сааттык тасма тартып кеткен, анда манастан үзүндү аткаргам. Ошондон кийин атактуулугум артып, өнөрүмдүн каркасы менен тизмеге кирип калдым. Бул сыйлык мага шык, дем берди. «Манас» эпосун дүйнөгө таанытуу керек деп өзүмдүн чыгармаларымды жайылтууга белсенип келем.

Ак үйдөн тааныштарды ортого салып, акча берип, жаман булганыч жол аркылуу сыйлыкка татыгым келбейт.

Чоң сыйлыктын дагы жүгү бар. 1-2 ыр ырдап эл артисти болуп атышат. Театрда канчалагандары картайып калгычакты сыйлык ала элек. Эмне үчүн биз алышыбыз керек?

— Саясатчыларга так сүйлөө боюнча сабак берет экенсиз. Кимдерди туура сүйлөөгө үйрөттүңүз?

— Кебимди оңдойт элем деп саясатчылардан тарта кыргыз тилчилер, окуу жайлардын ректорлору кайрылып калышат. Аттарын атабай эле коеюн. Аларга пайдам тийгенине ыраазымын.

Саясатчылар негизи трибунада, телевиденияда сөздөрү даана угулбай жаткандыгына, кээ бирлери үнүнө  даттанышат. Ар бир киши аракет кылса үнүн оңдоп, так сүйлөп кете алат. Эң башкысы тыбыштарды так айтып, туура дем алуу зарыл. 

— Сиздин пикириңизде кайсы саясатчылар даана, так сүйлөй алышат?

— Менин оюмча, саясатчылардан Каныбек Иманалиев, Садык Шер Нияз, Жылдызкан Жолдошева так, даана сүйлөшөт. Мурунку президенттерден Роза Отунбаева ар бир тыбышты басып так сүйлөйт.

— Сизди сыртынан караган кишиге сүрдүү көрүнөсүз?

— Ага манасчы катары образым себеп болсо керек. Кылыч, жаа, найза кармап ат ойнотконумду көрүп көбү баатыр кыз деп ойлошот. Чындыгында жөнөкөй назик аялзатымын. Спорт менен да машыкпайм.

Сахнага кийип чыккан кийимдеримди абдан оригиналдуу деп эсептейм. Стилдүү болууну каалагандыктан, стилист, дизайнерлер менен тыгыз иштешем. Этноырчы болгондон кийин башымдагы баш кийимден бутумдагы өтүккө чейин этностилде жасатам.

Алдыда жеке чыгармачылыгымды элге тартуулоо максатында, театрлаштырылган этно концерт берсем деген пландар бар.

— Сиздин аткарууңуздагы «Бактылуу болгон садагам» аттуу ырды кыз узатуу тойлордон көп угуп калабыз. Ыр кимге таандык?

— Бул ырдын сөзү мага таандык, обону Женгиз Мурзакуловдуку. Бул чыгарманын аркасы менен көп кыздарды турмушка узатып атам.

Эң көп окулган жаңылыктар