13:38
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Бишкекте бачабаздарды өлүм жазасына тартуу талабы менен митинг өтөт

Бишкекте бачабаздарды өлүм жазасына тартуу талабы менен митинг өтөт. Бул тууралуу уюштуручулар билдиришти.

Алардын маалыматында, бүгүн Жогорку Кеңештин имаратынын алдында жаш балдарга сексуалдык зордук-зомбулук көрсөткөндөргө жазаны катаалдантты талабы айтылат.

«Коомду бир денедей болсун десек, андагы оорууну , жараны дарылашыбыз керек. Керек болсо ампутация менен дагы. Мындай радикалдуу чараларды көрмөйүн коомду аман сактап калуу мүмкүн эмес. Бул чара социумду рухий жактан чирип кетүүсүн алдын алып, аны жаман вирустардан коргоп калуу чарасы болуп эсептелинет», — дейт уюштуруучулар.

Эң көп окулган жаңылыктар