Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелерине акчалай жардам 2019-жылдан тарта төлөнө баштайт. Бул тууралуу маалымат жыйында Эмгек жана социалдык коргоо министри Улугбек Кочкоров билдирди.
Ал кошумчалагандай, 2018-жылы ар дайым кароого муктаж болгон мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын жакындарына колдоо көрсөтүү маселеси чечилди.
«2019-жылдан тарта ай сайын 4 миң 900 сомдон төлөнүп берилет. Сумманы жыл сайын жашоо наркынын өзгөрүүсүн эске алуу менен карап турабыз», -деди ал.