18:29
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Өкмөт башчы түштүктөгү балдардын жаңы жылдык балатысына катышат

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн Ош шаарына жумуш сапарынын жүрүшүндө Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы балдардын жаңы жылдык балатысына катышат. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Иш-чара С.Ибраимов атындагы Ош Улуттук драма театрынын имаратында өтөт.

Мындан тышкары Өкмөт башчы № 12 көмөк көрсөтүү мектебинин, ошондой эле кыймыл таяныч тутумундагыт мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ден соолугун калыбына келтирүү борборунун тарбиялануучуларын Жаңы жылы менен куттуктайт.

Эң көп окулган жаңылыктар