09:15
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Алмазбек Атамбаевдин чыгармачылыгына баа берген Араз Элсес

Азербайжандык ырчы Араз Элсесдин ысымын кыргызстандыктар алгачкы жолу экс-президент Алмазбек Атамбаевге таандык «Кыргызстаным» аттуу чыгарманы ырдап чыккандан кийин тааный баштаган. Жакында ал «Чабан кызы» аттуу жаңы чыгармасын аткарып, клипти Кыргызстанда тарткандыгы маалым болду. Бир канча улуттун тилинде ырдаган азербайжандык ырчы 24.kg агенттигине чыгармачылыгы тууралуу эксклюзивдүү маек куруп берди. 

Араз Элсестин жеке архивинен алынды
Фото Араз Элсестин жеке архивинен алынды. Көчмөндөр оюну учурунда

Араз Элсес 1971-жылы Түштүк Азербайжанда туулган. Кесиби боюнча тиш догдур, бирок бала кезинен музыкага болгон кызыгуусу күч болгондуктан чыгармачылыкты да бирге алып кетүүдө. Ал өз кесибинин аркасы менен жер которуп Норвегияда иштеп, азыркы тапта Швецияда жашап жатканын айтат.

— Кыргызстанга алгачкы жолу качан келдиңиз эле? Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышыптырсыз, атайын чакыруу менен келдиңизби?

— Кыргызстанга 2 жолу келип кеттим. Алгачкы жолу 2017-жылы жер көрүү максатында өз алдымча келгем. Кийинки жолку сапарымда 3-Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катыштым. Атайын чакыруунун негизинде келип, иш-чарада өнөрүмдү тартууладым. 

— Кыргызстанга алгачкы жолу келгендеги сезимдериңиз менен бөлүшсөңүз? Сиз ойлогондой, сиз күткөндөй болдубу?

— Биринчи жолу Кыргызстанга барганда башка дүйнөгө туш келгендей болдум. Муну сөз менен түшүндүрүп бере албайм. Суулардын, жаратылыштын, тоолордун кооздугу, абасынын тазалыгы... Балким сиздер маани бербеген, бирок абдан кооз жаратылышы бар. Шырдак, туш кийиздердеги саймалар, башка түрк дүйнөсүндө унутулган нерселердин баарын Кыргызстандан көрдүм. Эски үрп-адаттарды, салтты, маданиятты жашаткан кыргыз калкына ыракмат. Кыргызстанда эски түрк маданиятын көрүүгө болот.

— Көчмөндөр оюндарына күбө болупсуз, кайсы улуттук оюн көңүлүңүзгө жакты жана ошол оюнду ойнойт белеңиз?

— Көк-бөрүнү жактырып көрдүм. Ойногум келет, бирок бул жашта аны үйрөнүү мага оор болот. Чынында абдан кызыктуу оюн экен, айрыкча жакындан көргөндө укмуштуудай сүрдүү, энергия талап кылган оюн экенине ынандым.

— Биздин мурунку мамлекет башчысынын Алмазбек Атамбаевдин калемине таандык «Кыргызстаным» аттуу чыгарманы кантип ырдап калдыңыз? Же бирөөлөр сунуштадыбы?

-Мен бул ырды интернеттен угуп калдым, чынын айтсам ким ырдаганын билген эмесмин. Мага бул чыгарманы аткар деп эч ким сунуш кылган жок. Жан дүйнөмө музыкасы жана сөздөрү жакты. Мен аткарып чыккандан кийин социалдык түйүндөрдө жакшы пикир айткандар көп болду. Мунун арты менен көп дос таптым.

Кыргыз музыкасын абдан жактырам. Эртеден кечке уккан музыкалардын 80 пайызы кыргызча жана казакча ырлар. Айрыкча комуз, домбра жана ооз комуз менен ырдалган ырлар, чертилген күүлөрү абадан жагат.

Түркистан музыкасына болгон сүйүүм күч, анткени бул жакта музыка нукуралуулугун сактап калган. Түрк же азербайжан музыкалары араб, фарс музыкалары менен аралашып калды.

Жакында эле «Чабан кызы» аттуу ырыма клип тарттырдым. Бул ырды мурун ырдап чыккам, клиби тартыла элек болчу. Көчмөндөр оюндарына келгенде тоолорду, сууларды, жайылып жаткан койлорду көргөндө ушул ырга клип тартуу идеясы келди. Кыргызстандык чыгармачыл топ менен иштештик. Ушуну менен 2 видеоклип тең Кыргызстанда тартылды.

Араз Элсес

Жакында «Каражоргону» аранжировкасын иштеп чыгып Кыргызстан менен Казакстандан видеоклип тартууну пландап жатам. 

— Кыргыз тилинде ырдап жатканда кээ бир тыбыштарды айта албай тилден кыйналдыңызбы?

— Ооба, тилден бир аз кыйналдым. Колумдан келишинче так аткарганга аракет кылдым. Кыргызча жана азербайжан тилиндеги окшош сөздөрдү да кезиктирдим.

— Кыргыз тилинен башка кайсы тилдерде ырдайсыз?

— Менин аткаруумда түркчө, азербайжан тилинде, түркмөн тилинде, казакча, татарча чыгармалар бар.

— Кыргызстандын кайсы ырчыларын тааныйсыз? Кайсы ырчылардын ырларын угасыз?

— Кыргыз ырчыларынан Саламат Садыкованы угам. Жаш ырчылардан Аскат Мусабеков, Юлия Руцкая, Самара Каримова, Айжамал Кабылова жана Мирбек Атабековду тыңдайм.

— Чачыңызды дайыма узун алып жүрөсүзбү?

— Күтүлбөгөн суроо...Чачымды 22 жашымдан бери өстүрүп узун алып жүрөм. Бир жолу гана түбүнөн алып салгам, болбосо узун чачты жактырам. Азырынча кестирүү оюмда жок, балким келечекте алдырып башка чач жасалгасы менен жүрүп калам.

-Үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз?

— Бир уул, бир кыздын атасымын.

Эң көп окулган жаңылыктар