Бишкекте коомдук унаалар келе жаткан 1-январга караган түнү саат 02:00гө чейин кызмат көрсөтөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, «Ала-Тоо» аянтынан автобус, троллейбус жана маршруткалар башка даректерге жүргүнчүлөрдү ташыйт.
Автобустар каттамы:
— № 7: Дача — Аламедин 1;
— № 9: Тынчтык конушу — Асанбай кичи району;
— № 38: 110-квартал — Асанбай кичи району;
— № 42: «Ала-Тоо» аянты — 12-кичи район.
Троллейбустардын каттамы:
— № 2 (Аламедин 1 — «Фрунзе» заводу);
— № 4 (Эт комбинаты — Булгаары заводу);
— № 7 (Тунгуч кичи району — Ак-Өргө конушу);
— № 8 (Ак-Өргө конушу — Лермонтов көчөсү);
— № 10 (Асанбай — «Фрунзе» заводу);
— № 14 (Жогорку Жал — Киркомстром).
Маршруткалардын каттамы:
— № 222 (Ак-Ордо — Алтын Ордо конуштары);
— № 224 (Келечек — Жеңиш конуштары);
— № 254 (Ак-Ордо — Чыгыш конуштары);
— № 166 (Кызыл-Аскер — Аю-Гранд);
— № 211 (МТФ — Тынчтык конушу);
— № 260 (Арча-Бешик — Бакай Ата конуштары);
— № 164 (Баетов — Көк-Жар);
— № 143 (Маевка — Кыргызстан);
— № 219 (Учкун — Коммунаров);
— № 240 (Энесай — 110-квартал);
— № 192 (Ак-Ордо — Дордой 2).