08:44
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Айпери Суранчиева: Биздин шоу-бизнес элге ачык болгонго даяр эмес

Теле алып баруучу Айпери Суранчиева акыркы учурда өз кесибинен тышкары социалдык түйүндөрдө тарбиялык мааниси бар икаяларды айтып, поэзияларды ийине жеткире окуп көпчүлүктүн алкоосуна ээ болууда. Жолдошу экөө бир уул, бир кызды тарбиялап, алып баруучулукту кошо илип кеткен каарманыбыз 24.kg агенттигине блогерликтен тарта ишенич сезимдерине чейин айтып берди.

— Акыркы кездерде видеоблогерликке басым жасап жатасыз, бул сизге эмне берет?

— Видеоблогерликке көптөн бери кызыгып келгем. Аял кишинин бактысы үй-бүлө экен, мындан улам турмуш шартка байланыштуу жана убакыттын тардыгынан блогерлик менен алектене албай жүргөм. Шүгүр, учурдабалдарым чоңоюп алды өз алдынча болуп калды. Эми сүйгөн кесибиме, кыялданган блогерликте иштеп баштадым. 100 адамга таасир бербесе дагы 10 адамга таасир берет деген ишеним чоң. «Ушул икая, поэзиядан таасир алдым, оңолууну чечтим» деген кишилер бар. Жүрөктү, намысты ойгото турган ырларды изденип жатам. Бул мага жөн гана жан дүйнөмдү тынчтантып, эргүүмдү ойготот.

— Азыр социалдык түйүндөрдө катталуучуларыңыздын саны канчага чамалап калды?

— Азыркы учурда инстаграм баракчамда 153 миңдин тегереги, фейсбукта 4800 чамалуу катталуучум бар.

Белгилүү бир темада айтыңыз деген сунуштар азырынча түшө элек. Бирок, ошол эле учурда даяр текстти же ыр жазып сиздин көркөм окуганыңыз жакты, окуп коюңуз деген сунуштар келет. Алардын басымдуу бөлүгү сүйүү, махабат, арман темасында. Бирок, андай темаларга кайрылгым келбейт, болгону таалим-тарбия бере турган, мекенчилдик сезимди, намысты ойгото турган, ыйманды бекемдей турган икаяларды окууга аракет жасайм.

— Алгач ди-джей, кийин теле алып баруучу болдуңуз. Кайсы адистиктин ээсисиз?

— Эмгек жолумду алгач Талас шаарындагы радиолордун биринде ди-джейликтен баштагам. Ал кезде болгону 9-класстын окуучусу элем. Анда кечки прогараммаларды алып барчумун. Кийин мектепти аяктап Бишкектеги ЖОЖго тапшырдым. Өз кесибим боюнча экономистмин. Бирок, жан дүйнөмө жакын алып баруучулукту аркалап келем. Борбор калаадагы телеканалдарда иштеп, тажрыйба топтогом. КТРКнын «МУЗобо» берүүсүн 3 жыл алып барып жүрдүм, кийин турмуш жолуна аттанып үйдө 2 жарым жылдай отурганга туура келди.

— Ортодо турмушка чыгып тыным болуптур, жолдошуңуз, кайын-журтуңуз кесибиңизди улантууга кандай көз карашта? Айрым күйөөлөр элдин көзүндө болгон алып баруучуларга ишти улантуусуна тыюу салып коюшат, сизде колдоо жакшы элеби?

— Кайын журтум менин жумушумду колдойт, ар дайым иште деп жакшы кеп-кеңештерин айтып турушат. Жолдошум экөөбүз 5 жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп баш коштук, анын менин кесибиме көз карашы түз. Ортодо ишенич бекем, мындан улам тыюу, чектөө жок.

Жолдошум экөөбүз аябай баласаакпыз. Мындан улам балдарды бөтөн кишиге ишенип таштай албайбыз. Жеңилибизди жерден алган кайын-журтум жана өз ата-энем балдарыбызга каралашып турушат. Уулум 2 жаш 3 ай, кызым 7 ай болуп калды.

— Социалдык түйүндөрдө ишенич, таарыныч сезимдери тууралуу жазган экенсиз?

— Жашоодо ишеничке бекем тургандардын, ишенимди актагандардын катарын толуктайм. Жакындан билгендер бул сапатымды жакшы билишет. Бирөөнүн сатып артынан бычак сайгандардан эмесмин. 28 жашка кетип жатам, ушул кезге чейин бир дагы душман күткөн эмесмин. Бирок, тилекке каршы ушул жашта алгачкы жолу саткынчылык мамилеге тушуктум. Буга чейин мени кандай адамдар коштоп жүрөт деп чөйрөмдү анализдеп көрбөптүрмүн. Бул мен үчүн чоң сабак болду. Сыноолордун арты менен күчтөндүм, алдыга карай максат койдум.

Мен өзүм атак-даңкка жулунбайм. Шоу-бизнесте аралашып жүргөнүмө 8 жыл болду, ар дайым бир калыпта түз жүрөм.

— Айрым алып баруучу, ди-джейлер ырчылык менен алектенишет. Сиз дагы ырдайсызбы?

— Мен негизи эле сүйлөп жаткан учурда дикциямды уккан адамдар ырдасаң болчудай, ырдап көр дегендер болгон. Бирок, балдарыма гана кыңылдап калбасам, кызыкпагандыктан ырдап көргөн эмесмин. Балким, убак сааты келсе ырдап калаармын. Көз-караш саат сайын өзгөрүшү мүмкүн, азырынча бул тармакка эч кандай планым жок.

— Бизде шоу-бизнес, светтик жашоону чагылдырып, ырчы-чоорчулардын, эл көзүнө таанымал кишилердин сырларын ачып, таамай көрсөткөн журналисттер аз, жок эсе. Бул тармактагы пландарыңыз?

— Шоу-бизнесте ошондой нерселерди алып чыкканга журналисттердин баары кызыкдар. Бирок, тилекке каршы биздин шоу-бизнес бул нерсеге даяр эмес, акырындап көндүрүү менен бул жаатка кайтып келебиз. Дароо жасап жиберсек, улуу жана кичүү муун даяр эмес, көпчүлүк сындырып коюшу мүмкүн. Жай агып деңизге кошулганда гана жакшы бир жыйынтык чыкса керек.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума