00:06
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Маданият министри 10 күн ичинде циркке жаңы команданы алып келүүгө сөз берди

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Кыргыз мамлекеттик циркин башкара турган жаңы команданы жакынкы 10 күн аралыгында аныктоого убада кылды. Бул тууралуу ал 24.kg агенттигине билдирди.

Белгилей кетсек, цирктин директору Курмангазы Исанаевдин кызматтан кетиши тууралуу буйрукка кечээ кол коюлган, бүгүнкү күндөн тарта ал циркке жетекчилик кылбайт. Министр билдиргендей, азырынча директордун кызматына келе турган талапкерди атай албайт. «Бул бир киши эмес, мен команданы толугу менен жаңылайм. Бул маселени чечебиз», -деди ал.

Цирктин штаттык расписаниеси боюнча башкы директордун милдетин азырынча анын орун басары Дарья Кусейинова аткарып турат. Ал буга чейин бир канча жолу материалдык маселелерди чечпей тургандыгын, чыгармачылык бөлүгү менен алектене тургандыгын айткан.

«Дароо эле жаңы директорду дайындай албайм, буга 10 күндөй убакыт керектелет», -деди министр.

Эң көп окулган жаңылыктар