USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

Цирктин директору Курмангазы Исанаев ооруканага жатып калды

14:08, 04 декабря 2018, Бишкек - 24.kg

А.Изибаев атындагы кыргыз мамлекеттик циркинин директору Курмангазы Исанаев ооруканага жатып калды. Бул тууралуу ал өзү 24.kg агенттигине билдирди.

Директордун айтымында, анын кан басымы көтөрүлүп кеткен. Мындан улам ооруканага жатууга туура келген. Өз кезегинде Маданият министри Азамат Жаманкулов 24.kg агенттигине Курмангазы Исанаевди иштен бошотуу тууралуу буйрук даярдалып жатканын айтты. Бирок, цирктин директору ооруканага жаткандыгына байланыштуу, аны кызматтан кетирүүгө болбойт.

Цирктин директорунун орун басары Дарья Кусеинова буга чейин кызмат акысы сакталбаган өргүүгө арыз жазып кеткен.

Буга чейин цирктин артисттери министрге Курмангазы Исанаевди иштен бошотуу тууралуу өтүнүч менен кайрылышкан. Жогорку Кеңештин депутаттары аталган жайда жемкорлук гүлдөп жатат деп билдиришкен.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика