09:01
USD 87.45
EUR 100.07
RUB 1.09

Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад шаарынын мэринин чечимин сындады

Президент Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад шаарынын мэринин чечимин сындады. Бул тууралуу мамлекет башчы маалымат жыйында айтты.

Ал аткаминерлерди демократиялык принциптерди сактоого чакырды.

«Жалал-Абаддын мэри туура эмес чечим кабыл алыптыр. Биз ачык коомбуз. Маалымат ачык болушу керек», -деди өлкө башчы.

Эске салсак, Жалал-Абаддын мэри Мураталы Тагаев баардык шаардык кызматтарга анын буйругу жок журналисттерге маалымат берүүгө тыюу салган.

Эң көп окулган жаңылыктар