20:04
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Рыскелди Момбеков кыргыз тилинде сүйлөп, «катыштыгы бар» деген сөздү колдон эмес

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбековдун өкүлдөрү анын сөзүн туура эмес которуп салгандыгы үчүн жарандык иш боюнча өндүрүштү токтотуу тууралуу өтүнүч билдиришти. Бул тууралуу 24.kg агенттигине маалым болду.

Маалыматтык технология жана байланыш мамлекеттик агенттигинин башчысы Бакыт Шаршембиев Рыскелди Момбековду сотко берип, андан 1 миллион сом өндүрүп алуу ниетинде. Мындан тышкары жарыяланган маалыматты жокко чыгаруусун талап кылат.

Эске салсак, Рыскелди Момбеков аталган комитеттин төрагасы Бакыт Шаршембиевдин 8 кылмыш ишине тийиштиги бар деп билдирген. Ал бул тууралуу Жогорку Кеңеште айткан, мындан тышкары 24.kg агенттигинин журналистине орус тилинде билдирген. 

Бирок, депутаттын өкүлдөрү өтүнүч катта маалымат чындыкка дал келбейт деп айтышууда. Рыскелди Момбеков кыргыз тилинде сүйлөп, «катыштыгы бар» деген сөздөрдү колдон эмес дешүүдө. Туура эмес которулган маалымат үчүн ал жоопкерчиликти ала албайт. Доогер ЖМКга өз дооматын кое алат.

Белгилей кетсек, Рыскелди Момбековдун сөзүн Жогорку Кеңештин сайты дагы жазып чыккан болчу.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума