08:42
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Галстук сатып берелик. Депутат бой көтөргөн аткаминерлерди сынга алды

Бүгүн Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Рыскелди Момбеков вице-премьер-министрлердин иш-аракеттерине нааразы болду. Ал өкмөт мүчөлөрүнүн карапайым жарандарга карата бой көтөрүү менен мамиле кылып жатканын айтты.

Рыскелди Момбековдун билдирүүсүндө, Баткендин тургуну вице-премьер Жеңиш Разаковду агент деп атаганы үчүн гана кармашкан.

«Бир вице-премьер жашоо деңгээлинин жакшырышын эшек менен ченесе, дагы бири мугалимдердин галстук тагынбаганына нааразы болсо. Эгер галстук баткендиктердин жашоосун жакшырта турган болсо, анда бюджеттин эсебинен сатып алып берели», — деди Рыскелди Момбеков.

Соцтармактын колдонуучулары кечээ өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаровдун Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институтунда айткандарына нааразы болушууда. Анда өкүл мугалимдерди галстук тагынбайсыңар деп жазалаган.

Сиздер мугалимсиздер. Мен сиздер менен саламдашып, эмнени көрүп отурам? Силердин бириңерде да галстук жок экен. Сырткы келбетиңерди карасаңар.

Акрам Мадумаров
Эң көп окулган жаңылыктар