12:30
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Мигранттардын балдары үчүн жакын туугандар коопсуздук үчүн кепилдик болушпайт

Мигранттардын балдары үчүн жакын туугандар коопсуздук үчүн кепилдик боло алышпайт. Бул тууралуу тегерек столдо «Балдардын укугун коргоо лигасы» коомдук фондунун жетекчиси Назгүл Турдубекова билдирди.

Айтымында, айрыкча мигранттардын балдары жакын адамдары тарабынан зомбулукка кабылышууда.

«ИИМдин маалыматы боюнча, балдарга карата зомбулуктун 95 пайызы туугандары тарабынан жасалат. Азыркы күндө балдарын жакындарына гана эмес, чоочун кишилерге, кошуна, досторго табыштап кетишүүдө. Балдар аялуу, алар көчүп конууну оор кабыл алышат», -деди ал.

Өлкөнүн укук коргоочулары президентке 2019-жылды балдар жылы деп жарыялоо өтүнүчү менен кайрылышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума