12:04
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Чүйдө белгисиз бирөөлөр тургунду унаага күчтөп салып, документке кол койдурткан

Чүй облусунда бир жаранды уурдап кетишип, белгисиз документке аны кыйнап кол койдуртушкан. Бул тууралуу Чүй ОИИБдан билдиришти.

Маалыматка караганда, Аламүдүн РИИБга 32 жаштагы жаран арыз менен кайрылган. Ал 7-декабрда чала тааныш балдар унаага күчтөп салып, талаага алып барышканын айткан. Ал жактан кылмышка шектүүлөр жаранды сабап, кандайдыр бир документке кол коюсун талап кылышкан. Алар жеке ЖЧКнын имаратына алып келишип, кармалган жаранга 700 000 сомдон ашуун каражат карызмын деп кол койдуртуп алышкан. Кийин жабырлануучуну кое беришкен.

Аталган окуяга тийиштиги бар делген 2 жаран кармалды.

Эң көп окулган жаңылыктар