USD87.45EUR98.38RUB1.04
24.kg

Ысык-Көлдө сүт ташыган унаанын айдоочуларын барымтага алышкан

11:07, 11 июня 2024, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көл облусунда WhatsApp аркылуу жергиликтүү фермерлерди массалык баш аламандык уюштурууга чакырып, жолдорду тосуп, сүт ташыган унаанын айдоочуларын барымтага алган жарандар аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, коопсуздук кызматкерлери тарабынан Ысык-Көл облусунун аймагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР жарандары О.Ж.А. жана М.Б.А. тарабынан WhatsApp платформасы аркылуу жергиликтүү фермерлерди массалык баш аламандык уюштурууга чакырып, жолдорду бууп, сүт ташыган унаанын айдоочуларын барымтага алуу аракети аныкталды.

Анда сүт өндүрүүчүлөр тарабынан сүттүн баасынын сезондук төмөндөшүнүн фонунда аталган адамдар 1000ден ашык катышуучусу бар WhatsApp группасы аркылуу, облустун аймагында коомдук тартипти бузган, деструктивдүү аракеттерге чакырган аудио билдирүүлөрдү таратышкан.

Соттук лингвистикалык экспертизанын корутундусуна ылайык, О.Ж.А. жана M.Б.A. тараткан аудио жазууларда массалык баш аламандыктарды уюштурууга чакырык белгиси аныкталган. Мындан улам бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, УКМК жарандарды коомдук тартипти бузбоого жана социалдык тармактарда тараган чагымчыл маалыматтарга алданбоого чакырат.

Views
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика