04:01
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Түркия парламентти кыргыз мигранттарынын пенсия маселесин чечет

Түркиядагы кыргызстандык мигранттардын социалдык камсыздандыруусу парламентте каралат. Бул тууралуу Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Биналы Йылдырым Бишкектеги расмий сапарында билдирди.

Ал эки өлкө ортосунда мигранттарды камсыздандыруу боюнча келишим бар экенин белгиледи.

«Жакында эле бул келишим «Жогорку Кеңештен өттү» деген кабар алдык. Биз да Түркиянын парламентинде бул келишимди ратификациялоо жагынан иштейбиз. Мындан кийин эки өлкөнүн жарандарынын укуктарына тоскоолдук болбойт», — деди ал.

Эки өлкөнүн жарандарын социалдык камсыздандыруу тууралуу келишимге кыргыз президенти Сооронбай Жээнбековдун быйыл 9-апрелде Түркияга болгон расмий сапарында кол коюлган.

Аны жакында парламенттин эл аралык мамилелер, коргоо жана коопсуздук комитети карап чыкты. 

Эң көп окулган жаңылыктар